Биз социалдык тармакта

Каракол суусунда агып кеткен унаадан эки адам куткарылды

Бүгүн, 5-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы «Каракол» мамлекеттик жаратылыш паркында туристтерди ташыган «Урал» үлгүсүндөгү эки унаа Каракол суусунан өтүүгө аракет кылып жатып, агымга кабылып, таштарга такалып калган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге Каракол шаардык №15 өзүнчө куткаруу бөлүгүнөн үч куткаруучу тартылып, экскаватордун жардамы менен 1964-жылы туулган эркек жана 1985-жылы туулган аял куткарылды. Алардын абалы туруктуу.

Ал эми унааларды туристтик компания өз күчү жана атайын техниканын жардамы менен чыгарарын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан