Биз социалдык тармакта

"Реал Мадрид" тарыхындагы эң кымбат трансферди ишке ашырууга жакын

Мадриддин “Реал” футболдук клубу Германиянын «РБ Лейпциг» командасы менен ивуариялык жаш талант Ян Диомандени трансферлөө боюнча негизги макулдашууга жетишти.

Маалыматка ылайык, келишимдин жалпы баасы бонустарды кошкондо 140 миллион еврого чейин жетиши мүмкүн. Эгер трансфер расмий түрдө ушул суммага ишке ашса, Диоманде «Реалдын» тарыхындагы эң кымбат оюнчу болуп калат.

Буга чейин клубдун эң ири трансферлеринин катарына Криштиану Роналду, Гарет Бэйл, Жуд Беллингем, Зинедин Зидан жана Кака кирген.

Азырынча «Реал» менен «РБ Лейпциг» бул маалымат боюнча расмий билдирүү тарата элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан