Иран менен Оман Ормуз кысыгы аркылуу кемелер өтүүчү маршруттун географиялык өзгөчөлүктөрү боюнча макулдашууга жетишти. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаи чет элдик басылмаларга билдирди.
Анын айтымында, эгер үчүнчү тараптар бул процесске тоскоолдук жаратпаса, анда эки өлкөнүн негизги макулдашууларын жана шарттарын камтыган биргелешкен билдирүү жакын арада даярдалып, жарыяланат.
Эске салсак, 8-июлдан тарта АКШнын аскер күчтөрү Иранга соккуларды кайрадан баштаган. АКШ президенти Дональд Трамп 18-июнда жетишилген ок атышууну токтотуу келишими күчүн жоготконун билдирген. Вашингтон бул аракеттерди Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу өткөн коммерциялык кемелерге каршы аракеттерине жооп катары түшүндүргөн.
Буга жооп катары Иран АКШнын Жакынкы Чыгыштагы бир катар аскердик базаларына сокку урган. Ошондой эле Тегеран Вашингтонду ок атышууну токтотуу боюнча меморандумду бузду деп айыптаган.