Бишкекте 120 көчөдө оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу борбор калаа мэриясы билдирди.
Маалымдалгандай, алардын ичинен 99у унаа жолдору, ал эми 21и тротуарлар. Ошол эле учурда 56 объектте иштер толугу менен аяктаган. Анын 43ү жол тилкелери, 13ү тротуарлар.