Биз социалдык тармакта

Бишкекте мекендештерин куткарам деген чет өлкөлүк жаран кармалды

Бишкекте милиция кызматкерине пара берүүгө шектелип 44 жаштагы чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал мындай ишке мекендештерин камактан алып калуу үчүн барган. Анын 3 мекендеши караоке-клубда мушташып кармалышкан. Сот аларды 3 күнгө камакка алуу чечимин чыгарган.

Шектүү аларды бошотуп алуу үчүн пара сунуштап, 100 миң сом берип жаткан жеринен колго түшкөн.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Пара берүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, чет өлкөлүк убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Бишкекте мекендештерин куткарам деген чет өлкөлүк кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан