Бүгүн, 6-августта чет өлкөлүк басылмалар Япония Коргонуу күчтөрүн башкарууда жасалма интеллектти колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын жазды.
Маалыматка караганда, Токио америкалык Maven Smart System жана Lattice системдерин колдонууну караштырууда. Алар чалгын маалыматтарын талдап, буталарды аныктоого, учкучсуз аппараттарды башкарууга жана аскердик операцияларды пландаштырууга жардам берет.
Бирок жогоруда аталган системдер америкалык компанияларга таандык болгондуктан, Япония жашыруун аскердик маалыматтарды аларга бербөө үчүн бул системдердин ишин өзүнүн жасалма интеллект модели аркылуу башкарууну пландап жатат.
Ошондой эле Япония 2024-жылдан бери Куралдуу күчтөрүн башкарууга арналган өзүнүн платформасын иштеп чыгууда.
Басылманын маалыматына ылайык, Токио акыркы жылдары коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн активдүү күчөтүп, аскердик чыгымдарын көбөйтүп жатат. Бул кадамдар Япониянын салттуу пацифисттик саясаттан бара-бара алыстап жатканы тууралуу талкууларды күчөтүүдө.
Эксперттер болсо аскердик чечимдерди кабыл алууда жасалма интеллектке ашыкча ыйгарым укук берүү коркунучтуу экенин белгилешүүдө. Алар бутаны тандоо жана сокку урууга байланыштуу акыркы чечим сөзсүз адам тарабынан кабыл алынышы керектигин айтышат.