Бүгүн, 6-августта Бишкек шаарында жана Аламүдүн районунда экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкектин Калыс-Ордо конушунда тургундардын арызынын негизинде жүргүзүлгөн текшерүүдө мончо тиешелүү уруксат документтери жок иштеп жатканы аныкталган. Анын ээси бардык зарыл документтер алынганга чейин ишмердүүлүгүн убактылуу токтоткон.
Ошондой эле Аламүдүн районунун Ленин айылында таштандыны мыйзамсыз өрттөө фактысы аныкталып, күнөөлүү жаранга административдик айып салынган.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды таштандыларды мыйзамсыз өрттөбөөгө жана экологиялык талаптарды сактоого чакырды.