Эртең, 7-августта Ош облустук көркөм сүрөт музейинде "Архив – искусство" аттуу көргөзмө ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министирлиги билдирди.
Көргөзмө изилдөөчү Гүлзат Алагөздүн бир нече жылдык изилдөөлөрүнүн негизинде даярдалган. Анда 1930-жылдардагы сталиндик репрессиялар жана мажбурлап көчүрүү саясатынын кесепетинен Украинага сүргүнгө айдалган кыргыздарга байланыштуу жеке иштер, сурак протоколдору, каттар, сүрөттөр жана башка архивдик документтер көрсөтүлөт.
Экспозицияда архивдик материалдар менен катар кыргыз сүрөтчүлөрүнүн живопись чыгармалары, декоративдик-колдонмо искусство эмгектери, архивдик документтердин негизинде жасалган инсталляциялар жана музейдин коллекциясындагы чыгармалар коюлат.
Көргөзмө буга чейин Душанбе шаарында Art for Social Changes – Central Asia Lab of Cultural Leaders аймактык программасынын алкагында көрсөтүлгөн.