Ирандын президенти Масуд Пезешкиан анын администрациясы 1979-жылдагы Ислам революциясынан берки эң оор мезгилдердин бирине туш болуп жатканын айтты.
Ал эл аралык санкциялар соода чектөөлөрүнөн ашып, Ирандын банк жана каржы системдерине багытталганын, ал эми аскердик жана коопсуздук кысымы өлкөдөгү кырдаалды ого бетер татаалдаштырганын белгилеген.
Пезешкиандын айтымында, чет элдик душмандар Иран бир нече күндүн ичинде жеңилет деп ишенишкен, бирок алар Иран элинин туруктуулугунан улам ийгиликке жетишкен жок.
"Иран элинин туруктуулугу жана чечкиндүүлүгү душмандын кутумдарын жокко чыгарды",- деген ал мамлекеттик маалымат каражаттарына берген маегинде.
Ал ирандыктардын биримдиги душмандарга каршы турууда негизги фактор бойдон калганын белгилеген. Пезешкиан Ирандын маркум жогорку лидери Али Хаменеи анын администрациясын колдогонун жашырган эмес. Иран президенти жаңы жогорку лидер Можтаба Хаменеи "өзгөчө адеп-ахлагы жана логикасы" менен күчтүн негизги булагы бойдон кала берерин кошумчалаган.
"Акыркы эки жылда башынан өткөргөн бардык кыйынчылыктарга карабастан, Иран азыр күчтүү жана кадыр-барктуу өлкө",- деген ал.