Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясынын жетекчиси Мирлан Таалайбеков (Царикаев) Бишкектеги "Ош базарында" текшерүү жүргүздү. Тийиштүү видеону 6-августта аталган мекеме жарыялады.
Видеодон Таалайбеков тараза көтөрүп алып, жарандар сатып алган эттин салмагын тартып көрүп жатканын көрүүгө болот. Текшерүүгө "сатуучулар таразадан алдап жатышат" деген даттануулар себеп болгон. Айткандай эле сатуучулар саткан эттин салмагын Таалайбековдун таразасы айтылган салмактан аз өлчөмдө көрсөткөн.