Таиланддын түштүгүндө футболдук беттеш учурунда оюнчуларга чагылган тийип, 24 жаштагы футболчу Софван Аве каза болду. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, чагылган футболчулар турган топко тийген. Натыйжада дагы 9 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. Алардын арасында Малайзиядан келген Алиф Зулкифли да бар.
Буга чейин дагы футболдук беттеш учурунда чагылган тийген учурлар катталган. 2020-жылы Орусияда 16 жаштагы дарбазачы Иван Заборовскийди оюн учурунда чагылган уруп, ал аман калган.