Жаратылыш ресурстары министрлиги интернет желесинде тараган видео боюнча Ысык-Көлдүн Чоң-Өрүктү айылында белгиленбеген жерге таштанды таштоо фактысын аныктады.
Маалымдалгандай, текшерүүнүн жыйынтыгында укук бузган жаранга 5500 сом айып пул салынды. Таштанды ташталган аймак толугу менен тазаланды.