Кыргыз элинин тарыхына арналган "Барсбек каган" тарыхый көркөм тасмасы 19-сентябрдан тарта өлкө боюнча кинотеатрларда көрсөтүлөт. Бул тууралуу "Каганат" коомдук кайрымдуулук фонду билдирди.
Тасма "Каганат" киноэпопеясынын алгачкы бөлүгү болуп, долбоор жалпысынан 5 толук метраждуу тасмадан турат. Киноэпопеяда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхы, улуттук баалуулуктар жана тарыхый-маданий мурас чагылдырылат.
Тасма Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата даярдалган. Аны жаратууда заманбап кинематографиялык ыкмалар менен жасалма интеллект технологиялары колдонулган.
Долбоорго Кыргыз улуттук "Манас" театры да чыгармачылык салым кошкон. Киноэпопеянын кийинки бөлүктөрү этап-этабы менен жарык көрөт.