Кыргызстандын белгилүү эстрада ырчысы, обончу Эрлан Андашев Америкадагы көп жылдык жашоосун жыйынтыктап, мекенге кайтууну чечти. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ырчы эми чыгармачылыкка басым жасарын белгилеп, балдары да Кыргызстанда окугусу келип жатканын кошумчалаган. Бул кабарга сүйүнгөн социалдык тармактын колдоочулары ырчыга алдыдагы жашоосуна ийгилик каалашты.