Бүгүн, 6-августта Улуу Британия Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тарыхтагы эң чоң командасын жөнөтөрүн билдирди. Анын курамында 50дөн ашык британиялык спортчу болот. Бул тууралуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады.
Британиялык спортчулар күрөш, жаа атуу, ат үстүндө жаа атуу, аркан тартыш, интеллектуалдык оюндар жана арка муун сындыруу боюнча мелдештерге катышат.
Кечээ, 5-августта британ командасы Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылып, спортчуларга жакшы каалоолор айтылды.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи 31-августта өтөт.