Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев өлкөнү күйүүчү май менен камсыздоо иштери жүрүп жатканын айтты.
Ал Орусиядан 100 миң тонна күйүүчү май келе жатканын билдирди. Ошондой эле Азербайжан, Иран, Түркмөнстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи. Амангелдиев өлкөдө тартыштык болуп жатканын моюнга алды.
"Кээ бир үлгүдөгү бензиндер май куюучу жайларда жок болуп жатат. Орусия өзүндөгү тартыштыкка карабастан бизге күйүүчү май берүүгө макул болду. Биринчи партиясы ушул айдын аягына чейин келет. Өзбекстан 3 миң тонна берүүгө даяр экенин билдирди",- деди ал Кыргызстан-Орусия экономикалык форумунда.