Айга биринчи болуп конгон астронавт Нил Армстронгдун балалык кези өткөн үй дээрлик 40 жылдан кийин сатыкка коюлду. Associated Press агенттигинин маалыматы боюнча, үйдүн баасы 430 миң доллар.
1908-жылы курулган имарат Армстронгдун туулган жери болгон Огайо штатынын Вапаконета шаарында жайгашкан. Бул үйдө келечектеги астронавт өспүрүм кезинде учактардын моделин жасап, аэродинамикалык эксперименттерди жүргүзүп, биринчи учуу сабактарына даярданган. Ал учкуч күбөлүгүн 16 жашында алган жана жыйырма жылдан кийин биринчи жолу космоско учкан.
Үйдүн ээси, мурдагы тарых мугалими Карен Майкеселл бул мүлктү 1988-жылы сатып алган. Имарат корголгон эстелик эмес. Бирок Майкселл жаңы ээси анын тарыхый көрүнүшүн сактап калат деген үмүтүн билдирген.