Бүгүн, 6-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий сайтында куткаруучулардын физикалык даярдыгы тартылган видео жарыяланды.
Видеодо куткаруучулардын күчүн, шамдагайлыгын жогорулатууга багытталган машыгуулар көрсөтүлгөн.
Министрлик мындай даярдык адистердин ар кандай өзгөчө кырдаалдарга даяр болушуна жардам берерин белгиледи.