Биз социалдык тармакта

Кыргыз аскерлери КМШнын спартакиадасында биринчи орунду ээлешти (видео)

Бүгүн, 6-августта Кыргызстанда КМШга мүчө мамлекеттердин Достук армияларынын XVII спартакиадасынын алкагында табелдик куралдан ок атуу боюнча чемпиондук жыйынтыкталды. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.

Мелдештин жыйынтыгында:

Кыргызстан - I орун;
Казакстан - II орун;
Орусия - III орун;
Өзбекстан - IV орун;
Беларусь - V орун.

Аскер кызматкерлери АК-74 автоматын жана Макаров тапанчасын колдонуп, жеке жана командалык эсепте күч сынашты.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземинде Кыргызстандын коргоо министринин орун басары Алмазбек Кулмурзаев сөз сүйлөп, жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине сыйлыктарды тапшырды.

Ал мындай мелдештер аскер кызматкерлеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, аскердик-колдонмо спортту өнүктүрүүгө жана КМШ өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы достук менен кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Кыргызстандын аскерлери КМШнын спартакиадасында биринчи орунду ээледи
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан