Бишкекте ири өлчөмдөгү баңгизаттарды мыйзамсыз сактоого шектелип 21 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал колго түшкөндө өз ыктыяры менен жалпы салмагы 178 граммды түзгөн баңгизат салынган 87 таңгакты тапшырган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.