Антарктиданын Мак-Мердо кургак өрөөндөрүндөгү Тейлор мөңгүсүнөн агып чыккан "Кандуу шаркыратма" кызыл түсү менен өзгөчөлөнөт. Анын түсү сууда темир кычкылдарынын көп болушунан пайда болот.
Кызыл түстөгү туздуу суу мөңгүнүн алдындагы Бонни көлүнөн жарака аркылуу мезгил-мезгили менен сыртка чыгып, көлдүн үстүн болжол менен 400 метр калыңдыктагы муз каптап турат. Суунун туздуулугу океандыкынан 4 эсе жогору болгондуктан, ал -10 градус суукта да тоңбойт.
Бул табигый көрүнүштү 1911-жылы австралиялык геолог Гриффит Тейлор ачкан. Алгач окумуштуулар суунун кызыл түсүн балырлар менен байланыштырышкан. Кийинчерээк анын негизги себеби темирдин кычкылдануусунан пайда болгон кошулмалар экени аныкталган.
Изилдөөлөр мындан сырткары, көлдө күн нуру жок шартта жашай алган микроорганизмдер бар экенин көрсөткөн. Бул өзгөчө экосистем башка планеталарда, анын ичинде Марстын муз катмарларынын алдында же Юпитердин Европа спутнигинин океандарында жашоо болушу мүмкүн экенин изилдөөгө жардам берет.