Ош-Бишкек жолунун Сузак тилкесинде Mercedes үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Tico үлгүсүндөгү унаа күйүп кетти. Маалыматты ӨКМдин аймактагы башкармалыгы тастыктады.
Өрттүн кесепетинен Tico унаасы толугу менен, Mercedes жүк ташуучу унаасынын арткы борту үстүндөгү 250 таңгак чөбү менен күйүп кеткен.
Өрттү өчүрүүгө ӨКМден 1 бөлүм тартылып, өчүрүлгөн. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себеби такталууда.