Бүгүн, 6-августта Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Чолпон-Ата шаарына келди.
Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлагандай, премьер-министрди өкмөт башчынын орун басары, айыл чарба министри Эрлист Акунбеков тосуп алды.
Белгилей кетсек, жыйын 6-7-август күндөрү Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин жана байкоочу мамлекеттердин делегация башчыларынын катышуусунда өтөт.