Бүгүн, 6-августта Бишкек шаарындагы көп кабаттуу турак жайдын курулушунда жүк көтөрүүчү автокран оодарылып кетти.
Курулуш министрлиги маалымдагандай, автокран темир түтүктөрдү көтөрүү учурунда жүк көтөрүү техникасынын туруктуулугу талаптагыдай камсыздалбагандыктан оодарылып кеткен. Окуядан жабыркагандар болгон жок.
Катталган кырсыкка байланыштуу “Нурзаман” ЖЧКсына 200 миң сом айып салынып, прораб менен кран башкаруучу сертификатынан ажыратылды. Мындан тышкары, департаменттин жооптуу адиси кызматынан бошотулду.