1945-жылдын 6-августунда АКШнын B-29 аскердик учагы Япониянын Хиросима шаарына "Little Boy" аттуу атомдук бомба таштаган. Бомба жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:15те жарылган.
Жардыруудан шаардын чоң бөлүгү талкаланып, миңдеген адамдар ошол замат каза болгон. Радиациянын жана алган жаракаттардын кесепетинен кийинки айларда да адамдар көз жумган. Хиросима шаарынын маалыматына ылайык, 1945-жылдын аягына чейин каза болгондордун саны болжол менен 140 миңге жеткен.
Хиросимага жасалган чабуул согуш учурунда өзөктүк курал биринчи жолу колдонулган учур болуп калды.
Хиросима трагедиясы кийин кинолордо жана анимациялык тасмаларда да чагылдырылган. Алардын арасында "Хиросима, сүйүүм", "Кара жамгыр" жана "Босоногий Гэн" тасмалары бар.