АКШнын президенти Дональд Трамп Лас-Вегаста өткөн иш-чарада өлкөгө мыйзамсыз мигранттардын кирүүсү токтотулганын билдирди.
Анын айтымында, президенттик кызматка киришкенден кийинки алгачкы 30 күндө эле түштүк чек ара аркылуу мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган миллиондогон адамдардын агымы токтотулган. Акыркы 15 ай ичинде АКШга бир дагы мыйзамсыз мигрант кире албаганын айтып, анын администрациясы бул боюнча иштерди улантып жатканын белгиледи.
Мындан сырткары, ал өткөн аптада Испанияда миңдеген мигранттардын чек арага топтолушуна байланыштуу окуяны мисал келтирип, мындай көрүнүштөрдүн АКШда болушуна жол берилбей турганын айтты.