Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук жана Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков Ысык-Көлдөгү Grand Baytur аянтчасында уюштурулган көргөзмө-жарманке менен таанышты.
Көргөзмө VIII Кыргыз-Орусия экономикалык форумунун жана XII Кыргыз-Орусия аймактар аралык конференциясынын алкагында уюштурулган.
Ага Кыргызстандын бардык облустарынын стенддери, ошондой эле өлкөнүн жана Орусиянын алдыңкы 50дөн ашуун компаниясы, билим берүү жана каржы уюмдары катышты. Алар инвестициялык долбоорлорун, заманбап технологияларын, өнөр жай продукцияларын жана эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган келечектүү демилгелерин сунушташты.
Өз экспозицияларын "Альянс Алтын", "Альянс Гидро", "Белая река", "КАМАЗ", "Учкун", Ferents&Co, бионикалык үйлөр долбоору менен Heaven Island, КАР Автомаш, "Сталь Двор" жана өнөр жай, курулуш, агроөнөр жай комплекси, энергетика, санариптик технологиялар жана машина куруу тармагында иш алып барган башка ишканалар көрсөтүштү.
Көргөзмөдө жаңы электр энергиясын өндүрүүчү кубаттуулуктарды түзүүгө, өндүрүштөрдү жергиликтештирүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган кыргыз-орус биргелешкен долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурулду. Компаниялардын өкүлдөрү учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана өндүрүштү кеңейтүү пландары тууралуу маалымат беришти.
Көргөзмөнүн соңунда катышуучулар Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы экономикалык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.