Бүгүн, 6-августта Маданият министрлиги Таш-Рабат тарыхый-архитектуралык комплексинде жүргүзүлүп жаткан оңдоо-реставрациялоо иштерине байланыштуу жарандар менен туристтерге кайрылды.
Учурда комплексте тарыхый-маданий мурастарды сактоо боюнча "Көөнө тарых сырлары" мамлекеттик программасынын алкагында реставрация иштери жүрүп жатат. Иштер 2027-жылга чейин этап-этабы менен улантылат.
Коопсуздукту камсыз кылуу жана реставрация иштерине шарт түзүү максатында комплекстин айрым тилкелери убактылуу тосулуп, кирүүгө чектөө коюлган.
Министрлик жарандарды жана туристтерди реставрациянын негизги этаптары аяктаганга чейин Таш-Рабатка убактылуу барбай турууга чакырды.