АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору менен Азык-түлүк жана дары-дармектердин сапатын көзөмөлдөө башкармалыгы өлкөнүн 27 штатында сальмонеллез оорусу катталганын билдирди.
Инфекциянын булагы Мексиканын Синалоа штатынан импорттолгон халапеньо калемпири болгон. Жалпысынан 345 адам ооруну жуктуруп, алардын 36сы ооруканага жаткырылган. Учурда каза болгондор катталган жок. Оорунун эң көп учурлары Миннесота жана Колорадо штаттарында катталган.