Биз социалдык тармакта

Президент Садыр Жапаров Орусиянын аймак жетекчилерин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров 6-августта Чолпон-Ата шаарында Орусия Федерациясынын аймактарынын жетекчилерин кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар аймактар аралык кызматташтыкты чыңдоо, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчысы Красноярск шаарында өткөн мурунку Аймактар аралык конференциянын жыйынтыктарын жогору баалап, бул аянтча эки өлкөнүн мамлекеттик органдары, бизнес өкүлдөрү жана аймактары үчүн түз диалог жүргүзүүгө натыйжалуу мүмкүнчүлүк түзүп келгенин белгиледи.

Ошондой эле Президент Кыргызстанда өтүп жаткан VIII Кыргыз-Орусия экономикалык форуму жана XII Кыргыз-Орусия аймактар аралык конференциясы жаңы демилгелерди иштеп чыгууга жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү бекемдөөгө өбөлгө болоруна ишеним билдирди.

Садыр Жапаров кызматташуунун келечектүү багыттары катары өнөр жай, фармацевтика жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармактарында биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүнү атады. Мындан тышкары, экономиканы санариптештирүү жана заманбап технологияларды өнүктүрүү маанилүү экенин белгилеп, россиялык өнөктөштөргө Жогорку технологиялар паркы менен «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагынын мүмкүнчүлүктөрүн сунуштады.

Өз кезегинде Орусиянын аймак жетекчилери жетишилген макулдашуулар эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишеним билдиришти. Алар агроөнөр жай комплекси, IT тармагы жана туризм багытындагы биргелешкен долбоорлорго өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун соңунда мындай форматтагы иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүү аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө, жаңы экономикалык долбоорлорду илгерилетүүгө жана Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөрү белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан