Ош облусунда курулуш реестрине катталбастан курулуп жаткан кичи ГЭС боюнча мыйзам бузуу фактылары аныкталып, курулуш иштерин жүргүзгөн компанияга 200 миң сом айып салынды.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагындагы Кичи-Алай айылында, Турук дарыясынын боюнда курулуп жаткан кичи ГЭС Мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине катталбастан курулуп жатканы аныкталган.
Бул факты боюнча курулушту жүргүзүп жаткан «Эл Бат Энерджи Турук» ЖЧКсына тиешелүү акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, объектте курулуш нормалары сакталбаганы аныкталып, мыйзам бузууларды жоюу жана демонтаж иштерин жүргүзүү боюнча талап коюлду.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзамдардын, курулуш нормаларынын жана техникалык регламенттердин талаптарын так сактоого чакырды.