Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Аламүдүн-1 кичи районунун тургундары менен жолугушуп, аймактагы көйгөйлөрдү жеринен көрүп чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда тургундар №55 үйдүн чатыры жана жер төлөсү авариялык абалга кептелгенин айтып, бул маселени тез арада чечип берүүнү өтүнүштү. Мындан тышкары, №43 үйдүн жанындагы таштанды аянтчасын башка жерге көчүрүү, №38 мектептин стадионун жана ички жолдорду оңдоп-түзөө зарылдыгы да көтөрүлдү.
Депутат айтылган көйгөйлөрдү жеринде карап чыгып, тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырмалар берилгенин билдирди. Ошондой эле маселелердин аткарылышын жеке көзөмөлүнө аларын белгиледи.