Биз социалдык тармакта

Оштогу "Кудайберди" базарында рейд өтүп, мыйзам бузуулар аныкталды

Ош шаарындагы «Кудайберди» унаа тетиктерин саткан базарда муниципалдык инспекция, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана башка тиешелүү кызматтардын катышуусунда рейд жүргүзүлдү.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, текшерүү жарандардын кайрылууларынын негизинде уюштурулуп, анын жүрүшүндө базардын санитардык абалы текшерилди. Натыйжада санитардык тазалык талаптарынын бузулганы аныкталып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик протокол түзүлүп, айып пул салынды.

Ошондой эле Салык кызматынын кайрылуусунун негизинде жүргүзүлгөн текшерүүдө базардын администрациясы жаранга базарга кирип-чыгуу үчүн төлөм жүргүзгөндө Контролдук-кассалык машинанын (ККМ) төлөм чегин бербегени аныкталды. Бул факты боюнча да административдик протокол түзүлүп, мыйзам чегинде айып пул салынды.

Рейддин алкагында ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгы пландан тышкаркы өрт коопсуздугу боюнча машыгуу өткөрдү. Машыгууда өрт өчүрүүчү техниканын тоскоолдуксуз жүрүшүн камсыздоо жана өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо боюнча соодагерлерге жана жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан