Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айылына жумушчу сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Ал медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча буга чейин кабыл алынган чечимдердин аткарылышы менен таанышты.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Төө-Моюн айылынын тургундары медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү боюнча көйгөйүн көтөрүшкөн.
Бул кайрылуунун негизинде Саламаттык сактоо министрлиги тиешелүү чечим кабыл алып, айылдын 20 миңге жакын тургунун Кызыл-Кыя шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна бекиткен.
Натыйжада тургундардын жакынкы медициналык мекемеге жетүү аралыгы кыйла кыскарып, сапаттуу медициналык кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгү жакшырды. Жумушчу сапардын жүрүшүндө бул чечимдин иш жүзүндөгү натыйжалары талкууланып, калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатына баа берилди.