Бишкекте "Аэро Номад" авиакомпаниясы менен Индиянын DEX Group компаниясынын өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү агенттиги билдирди.
Анын жүрүшүндө Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында туруктуу түз аба каттамдарын ачуу маселеси каралды.
Ошондой эле Кыргызстандын жана Индиянын туризм тармагынын өкүлдөрү, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн өз ара маалыматтык турларды уюштуруу маселеси талкууланды.