Бишкек мэриясы кабарлагандай, Манас көчөсүнүн кире беришинде жаңы архитектуралык стеланын курулушу жүрүүдө.
Стеланын композициялык өзөгүн тоо чокуларын чагылдырган монументалдык форма түзөт. Анын чокусуна бийиктиги 10 метрди түзгөн ак илбирстин айкели орнотулат.
Айкелдин узундугу болжол менен 3,5 метр, бийиктиги 3 метр болот.
Учурда стеланын темир-бетон конструкциясын куруу иштери толугу менен аяктады. Азыркы тапта ак илбирстин айкелин даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Буга удаа аймакты көрктөндүрүү иштери аткарылат.