Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп Муратбек Азымбакиев дайындалды.
Өлкө башчынын администрациясы кабарлагандай, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин Азымбакиев Женева шаарында Бириккен Улуттар Уюмундагы жана эл аралык башка уюмдардагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалганын жазганбыз.
Ал 2022-2025-жылдары президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башкарган.