Кечээ, 6-августта Чолпон-Ата шаарында жаңыланган "Чолпон" кинотеатрынын расмий ачылыш аземи өттү. Ага маданият министри Мирбек Мамбеталиев, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, маданият ишмерлери жана шаар тургундары катышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Иш-чарада министр кино бул тарыхты, улуттук баалуулуктарды жана элдин дүйнө таанымын чагылдырган маданияттын маанилүү тармагы экенин белгиледи. Ошондой эле кыргыз киносу "Кыргыз керемети" аталышы менен дүйнөгө таанылганын айтты.
Жаңыланган кинотеатр заманбап маданий жана агартуучулук борборго айланып, анда кино көрсөтүүлөр, фестивалдар, бет ачарлар жана чыгармачылык жолугушуулар өткөрүлүп турат.
Министр кинотеатр Чолпон-Ата шаарынын тургундары жана Ысык-Көлгө келген коноктор үчүн маанилүү маданий жай болоруна ишеним билдирди.