Америкалык окумуштуулар жасалма интеллекттин жардамы менен жашоого жөндөмдүү бактериофагдардын толук геномдорун иштеп чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Окумуштуулар Evo 1 жана Evo 2 моделдери аркылуу ичеги таякчасын жуктурууга ылайыкташкан миңдеген геном варианттарын түзүшкөн. Алардын 300гө жакыны лабораторияда текшерилип, натыйжада жашоого жөндөмдүү 16 бактериофаг алынган. Бул вирустар бактерияларды гана жабыркатат.
Изилдөөчүлөр мындай технология антибиотиктерге туруктуу бактерияларга каршы күрөштө колдонулушу мүмкүн экенин белгилешти.