Биз социалдык тармакта

Бишкекте боз улан баңгизаттарды таратууга шектелип кармалды

Бишкекте баңгизаттарды таратууга шектелип 18 жаштагы боз улан кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү баңгизаттарды жашырып жүргөнүн милицияга жергиликтүү тургундар кабарлаган. Милиция кызматкерлери аны колго түшүргөндө жасаган иштерин моюнуна алган. Шектүүнүн телефонунан мурда катылган жайлардын сүрөттөрү табылып, ал жерлер текшерүүгө алынган.

Натыйжада, 44 таңгак табылган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Өткөрүү максатында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бишкекте боз улан баңгизаттарды таратууга шектелип кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан