Японияда төлөмдөрдү ишке ашыруучу Zentoshin компаниясынын банкроттугунан улам кеминде 34 каржы мекемеси 53,9 миллиард иенден ашык насыя төлөмдөрүнөн ажырап калуу же аларды кеч алуу коркунучунда турат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
6-августка карата дагы 13 каржы мекемеси болжол менен 7,4 миллиард иенди кайтара албай калуу же төлөмдөрдү кеч алуу коркунучунда экени белгилүү болгон. Буга чейин 21 мекеменин жоготуусу 46,5 миллиард иен деп бааланган.
Белгилей кетсек, Zentoshin 2006-жылы негизделип, чакан бизнеске төлөмдөрдү тез жүргүзүүгө көмөктөшүп келген. Компания 6-июлда системдүү алдамчылыктын айынан, дээрлик 115,2 миллиард иен карызы менен банкрот болгон.
Систем 20 жылга жакын убакыт бою каржылык отчётторду бурмалап, эсептериндеги каражаттарды болжол менен 17 миллиард иенге ашыкча көрсөтүп келген.