Биз социалдык тармакта

Чолпон-Атада Садыр Жапаров менен Никол Пашинян жолукту (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-августта Чолпон-Ата шаарында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту.

Анда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашылды.

Жолугушууда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Президент эки тараптуу кызматташтыкты иш жүзүндө өркүндөтүү, өз ара сооданын көлөмүн кеңейтүү, өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу зарылдыгына токтолду.

Өз кезегинде Пашинян Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү жетишкен ийгиликтерин белгиледи.

Анын айтымында, бул жетишкендиктер Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы өз ара сооданы жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жагымдуу шарттарды түзөт.

Мындан тышкары, ал Түштүк Кавказ аймагындагы транспорттук байланыштардын жакшырышы эки өлкөнүн ортосундагы сооданын мындан ары өсүшүнө жана экономикалык алакалардын чыңдалышына өбөлгө болорун өзгөчө белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашуулар кыргыз-армян кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө шарт түзөрүнө ишеним билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан