Талас облусунун Кызыл-Адыр айылында курулуш материалдарын саткан дүкөн толугу менен күйүп кетти. Бул туурасында Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 31-январда билдирди.
Маалыматка караганда, өрттүн кесепетинен 208 чарчы метр кичи үйдүн, кампанын, дүкөндүн чатыры жана курулуш материалдары күйгөн. Тилсиз жоо электр жабдууларын куроодогу эрежелердин сакталбагандыгынан келип чыккан.