Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда быйыл жумушсуз 7 миңден ашык адам ишке орношту 

Кыргызстанда жыл башынан бери иш менен камсыз кылуу кызматтарынын көмөгү менен 7106 жумушсуз жаран ишке орноштурулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Ушул жылдын 1-июлуна карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына 77 551 жаран кайрылган. Алардын 52 807ине эмгек мыйзамдары, жумушка орношуу, кесиптик окутуу жана кесип тандоо боюнча консультация берилген.

Мындан тышкары, 3451 жумушсуз жаран кесиптик окутууга жөнөтүлгөн. Алардын арасында ашпоз, чачтарач, эсепчи, айдоочу, тигүүчү, ширетүүчү жана башка суроо-талапка ээ кесиптер бар.

Ошондой эле 9669 жумушсуз жаран акы төлөнүүчү коомдук иштерге жөнөтүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 69 пайызга өскөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан