Биз социалдык тармакта

Таиланд: Мектептеги ок атышууда 2 мугалим каза болду

Бүгүн, 7-августта Таиланддын Бангкок шаарынын түндүгүндөгү Банг-Круай районундагы мектепте окуучу ок чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты.

Маалыматка караганда, окуядан 2 мугалим каза болуп, дагы 15 адам жаракат алган. Жабыркагандардын бири оор абалда.

Шектүү адамдын өздүгү азырынча аныктала элек. Мектептин аймагы курчоого алынып, окуучулар жана кызматкерлер коопсуз жайга эвакуацияланууда.

Учурда полиция окуянын жагдайларын жана кол салуунун себебин тактап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан