Биз социалдык тармакта

Болот Ибрагимов күч органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

Бүгүн, 7-августта Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов менен депутат Чыңгыз Ажибаев Лейлек районундагы иш сапарынын жыйынтыгы боюнча күч органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Ага Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин жана Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилери катышты.

Жыйында аталган органдардын аймактагы бөлүмдөрүнө тиешелүү маселелер талкууланды.

Анда Ибрагимов деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктиктеги шарты катаал аймакта чек ара тосмолорун орнотуп жаткан аскерлерге өзгөчө көңүл буруу зарылдыгына токтолду.

Ал эми депутат Ажибаев коңшу мамлекеттен келген туристтерге жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер тарабынан сылык мамиле жасалышы керектигин белгилеп, Кыргыз-Тажик чек арасынын өткөрмө пункттарындагы кемчиликтерди жоюуга чакырды.

Жыйынтыгында аталган маселелердин маанилүүлүгү белгиленип, аларды чечүү боюнча тиешелүү аракеттер көрүлөрү айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан