Биз социалдык тармакта

Абайлаңыз: Telegram аркылуу алдамчылык күчөдү

Азыркы учурда Telegram аркылуу жасалган алдамчылык көбөйдү. Шылуундар колдонуучулардын аккаунттарын бузуп, алардын атынан тааныштарына шектүү шилтемелерди жөнөтүп, акча сураган учурлар кездешүүдө.

Алдамчылар аккаунтка кирген соң "Жаңы чыккан кинонун шилтемеси" сыяктуу билдирүүлөрдү таратып, адамдарды шилтемеге өтүүгө кызыктырышат. Ошондой эле стоматологдун атынан "Медициналык билим берүүнүн сыймыгы" сынагына катышып жатканын айтып, добуш берүүгө чакырган топторду түзүшөт. Топто башка аккаунттардан "Добуш бердим" деген билдирүүлөрдү жазып, шилтемени ишенимдүү көрсөтүүгө аракет кылышат.

Шилтемеге өткөн адам жасалма баракчага туш болуп, анын аккаунту да шылуундардын колуна өтүп кетет.

Адистер күмөндүү шилтемелерди ачпоого, ырастоо коддорун эч кимге бербөөгө жана Telegram'дагы 2 баскычтуу текшерүүнү күйгүзүүгө кеңеш беришет. Аккаунт бузулган учурда милицияга жана банкка кайрылып, шектүү билдирүүлөрдүн скриншотторун сактоону сунушташат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан