Биз социалдык тармакта

2027-жылы ЕАЭБге төрагалык кылуу Кыргызстанга өтөт

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясы маалымдады.

Жолугушууда ЕАЭБдин алкагындагы экономикалык интеграцияны тереңдетүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана өнөр жай менен агроөнөр жай тармагындагы кызматташтыкты активдештирүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Биримдиктин ишмердүүлүгүнө мындан ары да активдүү катышууга даяр экенин билдирди.

Ошондой эле президент 2027-жылы Кыргызстандын ЕАЭБ органдарына төрагалык кылуусунун алкагында Евразия экономикалык форуму Кыргызстанда өтөрүн айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан