Ирандын жогорку лидеринин аскердик кеңешчиси Мохсен Резаи Ормуз кысыгында кемелер үчүн экинчи деңиз багытынын ачылышына Тегеран эч качан жол бербей турганын айтты.
Анын билдирүүсү Ирандын Тышкы иштер министрлиги Тегеран менен Оман Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин өтүү маршрутуна байланыштуу географиялык маселелер боюнча макулдашууга жетишкенин маалымдагандан кийин жасалды.
“Биз Ормуз кысыгында экинчи маршруттун ачылышына эч качан жол бербейбиз”,- деп жазды Резаи Х социалдык тармагындагы расмий баракчасына.
Ормуз кысыгы дүйнөдөгү эң маанилүү деңиз жолдорунун бири болуп саналат. Ал аркылуу дүйнөлүк мунай жана суюлтулган газ экспортунун олуттуу бөлүгү ташылат. Иран бул аймактагы коопсуздук жана навигация маселелерине өзгөчө маани берерин белгилеп келет.