Биз социалдык тармакта

Таиланддагы ок атуудан каза болгондордун саны 7ге жетти

Таиланддын Бангкок шаарынын түндүгүндөгү мектепте болгон ок атуудан каза болгондордун саны жети адамга жетти. Бул тууралуу Нонтхабури провинциясынын полиция башкармалыгына таянуу менен чет өлкөлүк басылмалар билдиришти.

Каза болгондордун арасында 3 мугалим, 3 окуучу бар. Дагы 17 адам жаракат алып, алардын экөө оор абалда.

Полициянын маалыматына караганда, Тхепсирин орто мектебинин 9-классынын окуучусу ок чыгарган. Ал окуядан кийин өз жанын кыйган.

Мындан сырткары, шектүүнүн үйүнөн дагы 2 адамдын - анын чоң энеси менен чоң атасынын сөөгү табылган. Окуя боюнча учурда окуучунун атасы суракка алынып, териштирүү иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан